АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2018-жылдын 8-декабры № 8
Үч-Дөбө айылынын Керме-Тоо участкасына түрткү берүүчү гранттын эсебинен курула турган 24 орундуу бала бакчага акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылынын Керме-Тоо участкасына түрткү берүүчү гранттын эсебинен 24 орундуу бала бакча куруу үчүн кошумча акча каражат бөлүп берүү жана Керме-Тоо участкасындагы мектеп жашына чейинки балдарга татыктуу тарбия берүүгө шарт түзүп берүү максатында, Ак-Сай айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
1. Үч-Дөбө айылынын Керме-Тоо участкасына түрткү берүүчү гранттын эсебинен 24 орундуу бала бакча куруу үчүн 1700 000 сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарууга алуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Анаров |