КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2019-жылдын 22-апрели № 122
Кадамжай шаарынын кайрак эгин талааларын пайкандап зыян келтирген малдардын ээлерине айып акы салуу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 17-пунктуна негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биринчи жолу шаардын аймагындагы кайрак эгин талааларын пайкандап зыян келтирген малдардын ээлерине 500 сом өлчөмүндө, экинчи жолу түшкөндөргө 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
2. Токтомдун аткарылышы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Э.Зайляповко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт, каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Ураимов |