Редакцияот 16.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы

 

2019-жылдын 16-майы № 41

Кара-Бак айылынын сай участкасындагы тургундарынын арызын кароо жөнүндө

 

Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Бак айылынын Тагнам участкасындагы үлүш жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Бак айылынын Тагнам участкасындагы үлүш жерге коомдук пайдалануудагы муниципалдык жерден сугат иштерин жүргүзүү үчүн арыкка жер берүүгө макулдук берилсин.

2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Каламбеков