Редакцияот 29.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын,Үч-Терек айылдык кеңешинин Vl-чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

 

2015-жылдын 29-апрели № 133

Үч-Терек айыл аймагынын айылдарынын көйгөйлөрүн биргеликте аныктоо процессинде 2015-жылга аныкталган көйгөйлөрүн приоритеттештирүү боюнча айылдык аймактын Конкурстук комиссиясынын жыйынтыгын талкулоо жана бекитүү жөнүндө

 

Үч-Терек, Жетиген, Саргата жана Кызыл-Ураан айылдарынан жаллы 12 долбоор сунушталган. Конкурстук комиссиянын сунуштаган долбоорду зарылчылыгына жараша тандоо жүргүзүп жана ирээттештирген көйгөйлөрдүн тизмеси талкууланды.

Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Терек айыл аймагынын айылдарынын көйгөйлөрүн биргеликте аныктоо убагында 2015-жылга аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрүн приоритеттештирүү боюнча айылдык аймактын Конкурстук комиссиясынын кеңешмесинде каралган жана приоритеттештирилген подпроекттердин тизмеси бекитилсин.(тиркеме тиркелет).

2. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Ө. Сулайманов