Редакцияот 16.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 5-кезектеги сессиясы

 

2018-жылдын 16-ноябры № 12

“Беш-Арча” ЖЧКсынын №4412СЕ жана №5729 СЕ сандуу лицензиялары жөнүндө

 

“Беш-Арча” ЖЧКсынын №4412СЕ жана №5729 СЕ сандуу лицензияларынын жана эксперттик корутундуларынын негизинде техникалык долбооруунда көрсөтүлгөн жер тилкесин берүү максатында:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Беш-Арча” ЖЧКсынын №4412СЕ сандуу лицензиялык аянты 54 га жана №5729 СЕ сандуу лицензиялык аянты 179.1 га лицензияларынын жана эксперттик корутундуларынын негизинде техникалык долбооруунда көрсөтүлгөндөй жалпы 233.1 га жер аянты берилсин.

2. Эгерде “Беш-Арча”ЖЧКсына берилген уруксат мыйзамсыз деп табылса,анда ал аныкталган убактан баштап ушул токтомдун биринчи пункту өз күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Ушул токтомдун негизинде “Беш-Арча” ЖЧКсы менен жогорудагы жер тилкесинин ижара акысы боюнча келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Абдилатовго жүктөлсүн

4. Ушул чечимдин көзөмөлдөө жагы атайын тоо кен комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Тагаев