Редакцияот 27.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-кезектеги сессиясы

 

2018-жылдын 27-декабры № 16

Беш-Арча ЖЧКсынын мурдакы директору У.Мамытов менен сот иштерине катышуу үчүн Кара-Кыштак айылынын тургуну С.Эрмековго ишеним кат берүү боюнча

Беш-Арча ЖЧКсынын мурдакы директору У.Мамытов менен сот иштерине катышуу үчүн Кара-Кыштак айылынын тургуну С.Эрмековго ишеним кат берүү максатында:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Эрмековго Беш-Арча ЖЧКсынын мурдагы директору У.Мамытовдун бүгүнкү күндө сот процессинде жүрүп жаткан иштерине катышуу үчүн ишеним кат бир жылдык мөөнөткө берилсин.

2. С.Эрмековго алдынкы элдин атынан жана кеёештин колдоосу менен 31.10.2018-жылдын №01 сандуу ишеним каты жокко чыгарылсын

3. Ушул токтомдон көзөмөлдөө жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Тагаев