Редакцияот 27.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-кезектеги сессиясы

 

2018-жылдын 27-декабры № 19

Кара-Дөбө айылындагы муниципиалдык менчикте турган жер тилкесине балдар бакчасын куруу жана Исфайрам айылына курулуучу ФАПтын проектисин түзүү жөнүндө

 

Кара-Дөбө айылындагы муниципиалдык менчикте турган жер тилкесине балдар бакчасын куруу жана Исфайрам айылына курулуучу ФАПтын проектисин түзүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Дөбө айылындагы муниципиалдык менчикте турган жер тилкесине балдар бакчасын курууга жер ажыратып берүү жагы жер адиске милдеттендирилсин жана Исфайрам айылына курулуучу ФАПка керектелуучу материалдар айыл окмот тарабынан каржылансын .

2. Исфайрам айылына курулуучу ФАПтын проектисине кеткен чыгымына айыл өкмөтүнүн бюджетинен которулуп берилсин.

3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Тагаев