Редакцияот 27.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 6-кезектеги сессиясы

 

2018-жылдын 27-декабры № 19/1

Исфайрам айылынын жашоочуларынын кайрылуусуна негизинде 1991-жылдарда устакана курулуп ,кийинки убактарда жоюлуп белгисиз себептен улам У.Исаков орто мектебинин карамагына кирип калган 0.04 га жер тилкесин ФАП курууга бөлүп алуу жөнүндө

 

У.Исаков мектебинин карамагындагы 0.04 га жер тилкесин ФАП куруу үчүн бөлүп алуу жана курулушуна сарпталуучу финансы каражатын бөлүү максатында:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исфайрам айылына ФАП курууга мектептин аймагынан 0.04 га жер тилкесин бөлүп алуу суралсын.

2. ФАП курулушуна керектелүүчү финансы каражат айыл округ эсебинен каралсын,кайрымдуулук уюмдарга кайрылсын.

3. Ушул токтомду аткаруу иштери айыл округ башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Тагаев