Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 2
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Көк-Ирим айылдык Кенешинин ( IV шайланышынын ) кезектеги чакырылган XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин.
2. КР Финансы министрлиги тарабынан 2018-жылдын 24-ноябрындагы №192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы: С.Өскөнбай уулуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси статист-экономист Т.Бактыбек уулуна тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |