Редакцияот 08.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХIХ сессиясы

 

2019-жылдын 8-апрели № 3

«Көк-Ирим айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХIХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджети бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

С. Топоев