Редакцияот 28.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2019-жылдын 28-майы № 3/1

Күнтуу айылынын тургуну Садабаев М.Д арызы боюнча

 

Күнтуу айылдык кеңеши талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнтуу айылдык кенештин кезектеги отурумуна М.Садабаев тарабынан коюлган арыздын негизинде эки жактын өкүлдөрү чакырылсын;

2. Бул арыз жер маселеси болгондугуна байланыштуу, жер комиссиясында каралып, комиссиянын жыйынтыгы да отурумга коюлсун;

3. Бул иш-чараны Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиев жана Күнтуу айылдык кеңештин туруктуу жер комиссиясы тыкыр көзөмөлгө алсын;

4. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

У.Б. Астаркулов