Редакцияот 28.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2019-жылдын 28-майы № 3/3

Күнтуу айылдык Кеңешинин депутаты А.Канымбековдун суроо талабы боюнча

 

Күнтуу айылдык кеңеши талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиевге талаш-тартыш жараткан жер тилкесинин ээси Кочкоров Талантбек Кочкоровичке териштирүү иштеринин жыйынтыгы чыкканга чейин убактылуу курулушту токтотуу жөнүндө атайын эскертүү берилсин;

2. Бул чечим боюнча Күнтуу айыл өкмөтүнүн жер комиссиясы карап чыгып, кийинки отурумга талаш жер тилкеси боюнча толук маалыматын берсин;

3. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиев жана Күнтуу айылдык Кеңештин туруктуу жер комиссиясы тыкыр көзөмөлгө алсын;

4. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

У.Б. Астаркулов