Редакцияот 28.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2019-жылдын 28-майы № 3/4

Күнтуу айыл аймагындагы «Таза-Күнтуу» муниципиалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жана каржылык отчету боюнча

 

Күнтуу айылдык кеңеши талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнтуу айыл аймагындагы «Таза-Күнтуу»-муниципиалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жана каржылык жагынан көзөмөлгө алып текшерүү үчүн комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн;

·         Козубеков М.С - комиссиянын төрагасы, айылдык кенештин депутаты;

·         Айылчиев Р.М - комиссиянын мүчөсү, айылдык кенештин депутаты;

·         Тагаев Н.Н - комиссиянын мүчөсү, айылдык кенештин депутаты;

·         Бейшеналиева У.Дж- комиссиянын мүчөсү, айыл өкмөтүнүн кызматкери;

·         Джумакадыров А.Дж- комиссиянын мүчөсү, айыл өкмөтүнүн кызматкери;

2. «Таза-Күнтуу»-муниципиалдык ишканасынын директору В.Шиловго ар айдын 25-числосунда каржылык жактан жана баардык ишканага тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр, таза суу долбоорунун жүрүшү боюнча жазуу жүзүндө отчет берилип турулуусу милдеттендирилсин;

3. Комиссиянын төрагасы Козубеков М.С. ар квартал сайын комиссиянын жыйынтыгын, Күнтуу айылдык кенешине маалымат катары берип туруусу жүктөлсүн;

4. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

У.Б. Астаркулов