Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры № 82/19/27
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин таштандыларды ташып чыгаруу үчүн тарифти жогорулатуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Бейсалык төлөмдөр жөнүндө” мыйзамынын 12.1-беренесинин 2-б., Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 23.10.2018-жылдагы №07/2613 катына ылайык Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бир адамга 25 (жыйырма беш) сом тарифи коюлсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Кожонов |