Редакцияот 17.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 17-ноябры № 20/12-27

Сын-Таш айыл аймагынын Сын-Таш айылынын “Жетиген” каналынын жээгин бойлой өскөн 53 (элүү үч) теректерди кыйуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратуу жөнүндө

 

АВП ”Жетиген-Суунун” жетекчилигинин кайрылуусунун негизинде, Сын-Таш айыл Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

1. Сын-Таш айыл аймагынын Сын-Таш айылынын “Жетиген” каналынын жээгин бойлой өскөн 53 (элүү үч) теректерди кыйылсын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылып берилсин.

2. 53 (элүү үч) теректерди кыйуу үчүн документациялык иштер Сын-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлөт.

3. Жогорудагы токтомду көзөмөлдөө Сын-Таш айыл Кеңешинин агрардык жана жер суроолору боюнча комиссияга жүктөлөт.

 

Төрага

З.М. Аширбаев