Редакцияот 29.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 29-майы № 26

Айдаралиев айыл аймагындагы калктуу конушунун административдик чек арасын тактоо жана бекитүү жөнүндө

 

Талас райондук мамлекеттикадминистрациясынын 15-сентябрь 2016-жылдагы № 176 буйругунун негизинде, Айдаралиев айыл аймагынын 29-май 2019-жылдын № 02 буйругунун негизинде “Кыргызмамжер долбоор”долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Айдаралиев айыл аймагынын калктуу конушунун чек арасын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Айдаралиев айыл аймагынын калктуу конушунун чек арасын тактоо боюнча материалдары бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айдаралиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Токтомушовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ч. Айдаров