МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезексиз XXIII сессиясы
2019-жылдын 10-июну № 241
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мырза-Аке, Адыр айылдары ЕВРО өнүктүрүү Банкынын ири долбооруна киргендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы, жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча бөлүмүнүн сунушунун негизинде, таза суу пайдалануучуларынын төлөмүн жогорулатуу жөнүндө
Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, ЕВРО өнүктүрүү Банкынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы, жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча бөлүмүнүн сунушун,Мырза-Аке, Адыр айылдарынын таза суу пайдалануучуларынын төлөмдүк тарифин бекитип берүү жөнүндөгү сунуштарынын негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы, жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча бөлүмүнүн сунушу жактырылсын жана Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мырза-Аке, Адыр айылдары таза суу пайдалануу боюнча таза сууга болгон төлөмүнүн тарифи:
- Таза суу акысынын тарифи бир куб суунун баасы 25 сом 04 тыйындан бекитилсин.
2. Мырза-Аке, Адыр айылдарындагы суу пайдалануучулар:
- көчөдөн пайдалангандарга бир адамга бир айга 26 сом 29 тыйындан,
- короосунан пайдалангандарга бир адамга бир айга 45 сом 07 тыйындан
- бюджеттик мекеме-уюмдарга бир куб суу акысы 31 сом 18 тыйын,
- коммерциялык жана жеке менчик ишканалардын таза суу пайдалануусуна бир куб суу акысы 48 сом 77 тыйындан бекитүүгө макулдук берилсин.
3. Техникалык шарттарды түзүү жана суу түтүктөрүн туташтыруу кызматына жеке менчик үйлөр үчүн 2715 сом 06 тыйын,
- бюджеттик мекемелерге 2985 сом, 46 тыйын,
- коммерциялык ишканалар үчүн 3245 сом 54 тыйын баада бекитүүгө макулдук берилсин.
4. Тарифтин жогорулашы Мырза-Аке, Адыр, айылдарынын жашоочуларына таза суу ири долбоорунун алкагында жүрүп жаткандыгын түшүндүрүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |