Редакцияот 10.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезексиз XXIII сессиясы 

 

2019-жылдын 10-июну № 243

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын 2017-жылдын 23-декабрындагы кезектеги XI сессиясынын № 114 токтомунун 1- 2-3-4 – пункттарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36 –беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коммунист айылынын тургуну Джусупова Асилбү Сайпиевнанын менчик эски сарайынын ордуна 75 орундуу 3 тайпага ылайык балдар бакчасын курууга уруксат берилсин.

2. Жерди мал сарай категориясынан , балдар бакчасы категориясына өткөрүүгө макулдук берилсин.

3. Керектүү документтерин бүтүрүү, мыйзамдуулугун тактоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Кимсанов