АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2019-жылдын 22-июну № 181
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Айылдагы М.Сейталиев орто мектебинин директору Б.Шатманованын акча каражатын сураган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Сейталиев орто мектебинин директору Б.Шатманованын акча каражатын сурап жазган кайрылуусу мектепке бөлүнгөн прочийдин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү менен канаатандырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т. Асанов |