Редакцияот 20.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезектүү XII сессиясы

2018-жылдын 20-июну № 3

Кеңеш айыл аймагында ичүүчү таза суу жөнүндө

Базар-Коргон районунун аймагында өз агымы менен “Арстанбап-Базар-Коргон” борборлоштурулган ичүүчү таза суу магистралдык суу түтүкчөсүн куруу долбоору ишке ашып жаткандыгына байланыштуу Кенеш айылдык кенешинин VII - чакырылышынын кезектүү  XII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Базар-Коргон районунун аймагында өз агымы менен “Арстанбап-Базар-Коргон” борборлоштурулган ичүүчү таза суу магистралдык суу түтүкчөсүн куруу долбоорун ишке ашырууга макулдук берилсин.

2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Омурзаков