Редакцияот 21.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

7-чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы

2019-жылдын 21-майы № 15/12

Чөкө-Дөбө айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө

Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХV сессиясынын күн тартибиндеги Чөкө-Дөбө айылынын тургундарынын жаңы көчөгө ат коюу боюнча жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Барпы айыл аймагы Чөкө-Дөбө айылындагы Куруксай жаңы конушуна бара жаткандагы жаны чек адырга карай кеткен алтынчы көчөгө согуштун ардагери: Саркаров Мамыттын ысымы ыйгарылсын.

2. Мындан ары Чөкө-Дөбө айылындагы Куруксай конушуна бара жаткандагы жаны чек адырга карай кеткен алтынчы көчө согуштун ардагери: Саркаров Мамыт көчөсү деп аталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

Абдыкулов. У. А.