Редакцияот 21.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

7-чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы

2019-жылдын 21-майы № 15/23

Чангет-Сай айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө

Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХV сессиясынын күн тартибиндеги Чангет-Сай айылынын тургундарынын жаңы көчөгө ат коюу боюнча жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Барпы айыл аймагы Чангет-Сай айылындагы жаңы конуштагы биринчи бош көчөгө эмгектин ардагери, “Ардактуу мугалим” Кичикбаев Азимжандин ысымы ыйгарылсын.

2. Мындан ары Чангет-Сай айылындагы жаңы конуштагы бош көчөгө эмгектин ардагери, “Ардактуу мугалим” Кичикбаев Азимжан көчөсү деп аталсын.

4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

Абдыкулов. У. А.