Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2019-жылдын 23-майы № 9
Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын жетекчиси О. Мамадиевтин кайрылуусун кароо жөнүндө
Жаңы ачылып жаткан Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын түзүлгөнүнө бир нече ай болгондугуна карабастан техниканын жоктугунан улам ишин баштай албай тургандыгы, М. Джолдошов техниканы бербей жаткандыгы боюнча О. Мамадиевтин жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. О. Мамадиевтин 2019-жылдын 22-майындагы № М-53 саны менен кириштелген кайрылуусу эске алынсын.
2. “Намаздык-Ата” жайыт бирикмеси тарабынан Кыргыз Республикасынын
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ПРЖР- 2 долбоорунун алкагында алынып келинген МТЗ-82 үлгүсүндөгү комплект трактор толугу менен жаңы ачылып жаткан Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын жетекчиси О. Мамадиевке өткөзүлүп берилсин.
3. Аталган эки ишкананын ортосунда үчүнчү жак катары толук маалыматты камтыган келишим түзүп техниканы О. Мамадиевке өткөзүп берүү, айыл аймагыбыздын санитардык, гигеналык абалын жакшыртуу максатында жаңы ачылып жаткан Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасына колдоо көрсөтүү, көмөктөшүүнү колог алуу жагы Айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке жана мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туркутуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |