Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-декабры № 01-5 /136
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиги тарабынан бекитилген 2008-жылдын 24-ноябрындагы № 192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансалык каражаттарды мыйзам ченинде пайдаланууну каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |
| ||||
___ _____________ ______________ Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө ТИПТУУ КЕЛИШИМ 1.1 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ноокен райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн атынан мындан ары "мамлекеттик статистика органы" деп аталуучу Ноокен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жөнүндө” Жобонун негизинде болум жетекчиси болуп иштеген Мамасадыков Тологон Жунусович биринчи тараптан жана Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын атынан “Кочокр-Ата шаарынын мэриясы жөнүндөгү” Жобонун негизинде Кочкор-Ата шаарынын мэри Жумаев Алтынбек Токтомуратович экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү. 2. Келишимдин шарттары 2.1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык Ноокен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү Кочкор-Ата шаарынын мэриясына ѳз алдынча статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет: 1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө; 2) жазгы талаа иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө; 3) түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурма айдоо тууралуу; 4) айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө; 5) айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө; 6) дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө; 7) тоюттарды өндүрүү жөнүндө; 8) дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын сатуунун көлөмү жана баалары тууралуу; | ||||