Редакцияот 12.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 12-февралы № 3

Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы атайын каражаттын киреше болугунун жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесин бөлүштүрүү жөнүндө

Боо-Терек айылдык Кеңешинин ХХХI-чакырылышынын XXVI-сессиясы 2018-жылдын  атайын каражаттын киреше болугунун жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесин бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап

чыгып талкуулап Боо-Терек айылдык Кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы атайын каражаттын киреше болугунун жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 22414 сом акча каражаты тузгондугу эске алынсын.

2. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын атайын каражаттын киреше болугунун жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси төмөндөгүдөй болуп бөлүнсүн:

- Бала бакча бөлүмүнө 2215(ар кандай чыгымдар) статьясынан бала бакчаны жашылдандырууга – 22414 сом,

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо КЭБ башчысы Р.Дуйшенкуловага жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

У. Андакулов