Редакцияот 23.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

( VI шайланган) XII кезектеги сессиясы

2019-жылдын 23-январы № 1

Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Абдуллаевдин 2018-жылда аткарган иштеринин жана 2019-жылга карата милдеттери боюнча отчету

 Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектеги XII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө башчысы Р. Абдуллаевдин 2018-жылда аткарган иштеринин жана 2019-жылга карата милдеттери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши

ТОКТОМ К ЫЛАТ

1. Жылалды айыл өкмөтүнө башчысы Р. Абдуллаевдин 2018-жылда аткарган иштеринин жана 2019-жылга карата милдеттери боюнча маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.

2. 2019- жылга кабыл алынган милдеттер айыл башчыларга, мекеме- уюмдун жетекчилерине жеткирилип, толук аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Абдуллаевге милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Акназаров