Редакцияот 23.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

( VI шайланган) XII кезектеги сессиясы

2019-жылдын 23-январы № 2

Жылалды айылдык Кеңешинин 2019- жылга карата иш- планын бекитүү жөнүндө

Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектеги XII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылдык Кеңешинин 2019- жылга карата иш- пландын долбоору боюнча жооптуу катчы Р. Маматованын 15.01.2019-жылдагы сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жылалды айылдык Кеңешинин 2019- жылга карата иш- планы бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Акназаров

 Жылалды айылдык Кеңешинин 2019- жылга карата түзүлгөн

ИШ- ПЛАНЫ

 

№

 Каралуучу маселелер

 Аткаруу мөөнөтү

 Аткарууга жооптуулар

1

 1. Айылдык Кенешинин иш- планын бекитүү

 2. Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысынын

2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы.

 3. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылга карата бюджетин бекитүү.

1- квартал

Р. Абдуллаев

М.Матраимов

Туруктуу комиссия

 

2

 

 1. Билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчасынын 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча

 2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган элдердин ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы.

 3. Салыктардын аткарылышы, КБФ жерлери боюнча салыктардын төлөнүшү жөнүндө

 

2-квартал

 

Соц. адис

Туруктуу комиссия

 

Айыл башчылар

Туруктуу комиссия

 

жер. адис

Туруктуу комиссия

 

3

 1. 2019- жыл “ Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы ” деп жарыялангандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн алты ай ичинде аткарган иши жана 2019-жылга карата бекитилген бюджеттин аткарылышы боюнча

 2. Кышка карата даярдыктар боюнча.

3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө

3-квартал

 

 

 

 

 

 

Туруктуу комиссия

ФЭБ бөлүмү

 

Туруктуу комиссия

Айыл башчылар

Туруктуу комиссия

Айыл башчылар

 

4

1. Участкалык инспектор жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын иштери жөнүндө.

2. СВА, ФАП, ПОЧТА бөлүмдөрүнүн 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча

3. Маданият үйүнүн жана балдар бакчасынын жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө

 

4- квартал

Туруктуу комиссия

Аймактык инспекторлор

Туруктуу комиссия

Соц.адис

Туруктуу комиссия

Соц.адис

 

Жылалды айылдык Кеңешинин төрагасы:-                                                                                                                                               М. Акназаров