Редакцияот 13.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

( VI шайланган) XII кезектеги сессиясы

2019-жылдын 23-январы № 4

Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Жылалды айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө

Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектеги XII сессиясынын күн тартибиндеги Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Жылалды айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келшимди бекитүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Жылалды айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишими бекитилсин.

2. Келишимдин негизинде ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин жер, агрардык маселелер жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Акназаров