Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 7-марты, № 49-б
Мамлекеттик-жеке енөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун (мындан ары -Фонд) Байкоочу кеңешинин чечимдеринин негизинде Фонддон техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн акча каражаттарын төмөнкүлөргө бөлүп берсин:
- Кыргыз Республикасынын Саламатгык сактоо министрлигине - "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарында компьютердик томографтарды орнотуу" долбооруна 14 549 120 (он төрт миллион беш жүз кырк тогуз миң жүз жыйырма) сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына - "Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бажы-логистикалык комплексин куруу" долбооруна 10 580 500 (он миллион беш жүз сексен миң беш жүз) сом.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |