Редакцияот 16.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 16-ноябры №19

Осмонкулов айылдык кенешинин аксакалдар сотунун ишинин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын турмушка ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү Жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык

Осмонкулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын 4-кезектеги сесссиясынын №7 протоколунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Осмонкулов айылдык кеңешинин аксакалдар сотунун ишинин Типтүү регламенти бекитилсин.

Осмонкулов айыл өкмөтүнө (У.Кудайбергенов):

аксакалдар сотторунун, аймактык Кеңештердин төрагаларын, укук коргоо органдарынын жетекчилерин катыштырып, Осмонкулов айылынын аксакалдар сотторунун иштөө Регламентин окутуп-түшүндүрүү боюнча семинар-кеңешмелерди өткөрүү;

Осмонкулов айылдык аксакалдар сотторунун иштөө Регламентинин негизинде аксакалдар сотторун материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана алардын ишин уюштуруу жагы тапшырылсын.

Бул токтомдун аткарылышы депутаттардын социалдык маселелери боюнча туруктуу депутаттык  комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.Джумаев