Редакцияот 16.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 16-ноябры №22

Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону бекитүү жөнүндө

 

КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агентигинин 2018-жылдын 16-майындагы №01-18/56 сандуу буйругуна ылайык Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону бекитүү жөнүндө Осмонкулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын 4-кезектеги сесссиясынын №7 протоколунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Усулдук колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.    Айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “Шаарлардын  жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону”  жетекчиликке  алуу жагы сунушталсын.

3.    Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кудайбергеновго жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.Джумаев