Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы № 34
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун отчетун, ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын маалыматын, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 2018-жылга (атайын каражаттарды кошкондо) жалпы 42028,4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин (1 тиркеме). Анын ичинен:
-салыктык жана салыктык эмес жыйымдардан түшкөн каражат -32 800,2 миң сом;
- атайын каражаттын көлөмү – 9228,2 миң сом,
Ал эми чыгаша бөлүгү жалпы 45 878,5 миң сом, анын ичинен жергиликтүү бюджет 34 842,6 миң сом, атайын каражат 11 035,9 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы белгиленсин (2 Тиркеме).
1. Такталган план боюнча 2018-жылдын киреше бөлүгү 43426,0 миң сом, чыгаша бөлүгү 48729,9 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин (3 Тиркеме).
2. 2019-жылга Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 48 108,8 миң сомго 4,5 Тиркемелерге ылайык бекитилсин.
Анын ичинен төмөндөгүлөр эске алынсын:
Атайын каражат – 9547,5 миң сом;
Жергиликтүү салык, салыктык эмес жыйымдар – 38561,3 миң сом;
1. 2019-жылдын чыгаша бөлүгүн аткарууда ушул токтомдун 6 Тиркемесиндеги ачыктамалар эске алынсын.
2. Токтогул шаардык мэриясынын 1% резервдик фондунун жалпы көлөмү 382,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2019-жылга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан салык агенттигинен алынуучу киреше салыгынын өлчөмү 2018-жылга салыштырмалуу ашыкча берилгендиги эске алынсын, аларды негиздеп, аталган министрликке билдирме берип, кыскартуу жагы ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.
4. Бул токтомду аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттин киреше булагын түзүүчү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардын топтолушун катуу көзөмөлгө алуу, бекитилген жергиликтүү бюджеттин каражаттарын бөлүнгөн багыттарга, максаттуу пайдалануу түздөн-түз шаар мэринин (Б.Болгонбеков) жана ФЭБ башчысынын (Н.Кулузакова) жоопкерчилигинде экендиги баса белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
6. .Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. .Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
8. .Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет
Төрага | М.Н.Жусупахунов |
Токтогул шаардык мэриясынын киреше бөлүгүнүн аткарылышынын
анализи 2018-жылдын 12 айына
Тиркеме 1 |
| ||||||||
| (миң сом) | ||||||||
Киреше булактары | 2018-жылга бекитилген план | 2018-жылдын 12 айына такталган план | Фактичес.аткарыл.(мин сом) 12 ай | Айырма (+,-) | такталган планга салыштырма % |
| |||
Салык агенттеринен алынуучу киреше салыгы. | 14568 | 14568 | 13152,6 | -1415,4 | 90,2 |
| |||
Патенттин негизинде алынуучу милдеттүү салык | 437 | 437 | 488,9 | 51,9 | 111,9 |
| |||
Патенттин негизинде алынуучу ыктыярдуу салык | 6792 | 6642 | 6491,7 | -150,3 | 97,7 |
| |||
Бирдиктүү салык (чакан ишкерлер) | 63,6 | 63,6 | 77,2 | 13,6 | 121,3 |
| |||
Кыймылсыз мүлк салыгы | 124 | 124 | 126 | 2 | 101,6 |
| |||
Жеке тараптардан алынуучу короожай жана жер үчүн алынуучу салык | 800 | 800 | 842 | 42 | 105,2 |
| |||
Айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы | 1500 | 1539 | 1543,5 | 4,5 | 100,3 |
| |||
Сатуудан алынуучу салык | 6832 | 6832 | 6922,5 | 90,5 | 101,3 |
| |||
Кыймылдуу мүлк салыгы. | 1800 | 1800 | 1976,6 | 176,6 | 109,8 |
| |||
Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 700 | 544 | 550,3 | 6,3 | 100,4 |
| |||
Өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар(ср-ва передаваймый) | 0 | 628,9 | 628,9 |
|
| ||||
Бардык жергиликтүү салык жыйымдар: | 33616,6 | 33978,5 | 32800,2 | -1178,3 | 96,5 |
| |||
Атайын каражаттар | 8547,5 | 9447,5 | 9228,2 | -219,3 | 97,6 |
| |||
Атайын каражат.анын ичинен атайын эсептен 900,0 миң сом | 0 |
| |||||||
Жалпы: | 42164,1 | 43426 | 42028,4 | -1397,6 | 96,7 |
| |||
| |||||||||
Шаардык кеңештин төрагасы: |
М.Н.Жусупахунов |
| |||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||