Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы №35
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими” бекитилсин.
2. КР Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 2008-жылдын 24-ноябрындагы № 192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы мэриянын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | М.Н.Жусупахунов |
| Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык мэриясы
|
| Токтогул шаары
|
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
1.Келишимдин тараптары
1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Токтогул райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн атынан (мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген органдын толук аталышы) мындан ары "мамлекеттик статистика органы" деп аталуучу Токтогул райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жөнүндөгү Жобонун негизинде бөлүм жетекчиси болуп иштеген Жуманазаров Кубанычбек Суранович аркылуу жана экинчи тарабынан Токтогул шаардык мэриясы (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын толук аталышы) атынан Токтогул шаардык мэриясы жөнүндөгү Жобонун негизинде мэр болуп иштеген Болгонбеков Болот Турдуевич Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
2. Келишимдин шарттары
2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык,
Токтогул райондук мамлекеттик статистика бөлүмү (мамлекеттик органдын аталышы) Токтогул шаардык мэриясы (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы), статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:
1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө;
2) жазгы сугат иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө;
3) түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурманы айдоо тууралуу;
4) айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө;
5) айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө;
6) дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө;
7) тоюттарды өндүрүү жөнүндө;