Редакцияот 22.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы

 

2019-жылдын 22-июну № 184

Айыл тургундарынын арыздарын кароо

 

Айыл тургундарынын арыздарын карап жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгү айыл тургундарынын ишкерлик кылууга жер сураган, турак-жай курууга жер участокту менчиктеп берүү жөнүндөгү жана материалдык жардам сурап жазган арыздары бюджеттин жетишсиздигинен, мурда материалдык жардам берилгендиктен канааттандырылбасын. Алар:

-          Тургунбаев Күмүшбектин келинчегине дарылануусуна мурда материалдык жардам берилгендиктен;

-          Алтымышов Эрнистин кызы Аманбекова Аиданын дарылануусуна мурда материалдык жардам берилгендиктен жана бюджеттин тартыштыгынан;

-          Жаманкулов Төлөгөндүн үйүнүн ремонт иштерине материалдык жардам сурап жазган арызы бюджеттин тартыштыгынан;

-          Жаңы-Турмуш өзөнүн жашоочуларынын 3 линияны жеткирүү жөнүндогү арызы бюджеттин тартыштыгынан;

-          А.Дүйшөнбиев көчөсүнүн жашоочуларынын таза суу киргизүү жана электр линиясын тартуу жөнүндөгү арыздары бюджеттин жетишсиздигинен;

-          КУАУ тарабынан ветеринардык адистерди даярдоого кеткен чыгымды жергиликтүү бюджеттен төлөө жагы бюджеттин жетишсиздигинен;

-          Айыл тургундары Орозбай уулу Эдилдин жана Үмөтов Эмилдин арыздары жерди мамлекеттик каттоо башкармалыгына кайрылуу жагы сунушталсын;

2. Арыз ээлерине маалымат берүүнү камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н.Т. Асанов