АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
2019-жылдын 22-июну № 188
Жер менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө айыл тургундарынын арыздарын кароо
Арал айылынын тургуну Орозбай уулу Адылдын арызын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургуну Орозбай уулу Адылдын арызы канаатандырылсын.
2. Орозбай уулу Эдилдин Суу Жээк көчөсүндөгү № 6 үйүнүн күн батыш тарабындагы бош жаткан 0,10 га жер участогу турак-үй куруу үчүн арыз ээсинин жеке менчигине берилсин.
3. Тиешелүү документтерди даярдап берүү жана токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | Н.Т. Асанов |