Редакцияот 03.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 3-майы № 5

Өзгөрүш айылдык Кенешинин 2019-жылдын 03-майындагы болуп откон VII- чакырылышынын 4- сессиясында “Бакай- Ата райондук Таза Суу” ишканасынын кош негиздөөчүлүгүнө мүчөсүн сунуштоо боюнча маселесин угуп, талкуулап, Өзгөрүш айылдык Кенеши :

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бакай- Ата районунун аймагында “Бакай-Ата райондук Таза Суу” муниципалдык ишканасы уюштурулуп жаткандыгына байланыштуу “Бакай- Ата райондук Таза Суу” муниципалдык ишканасынын кош негиздөөчүлүгүнө Өзгөрүш айыл аймагынын атынан Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы Батырбекова Айгүл Абдрасуловна сунушталсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

А. Атамбеков