ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кенешинин алтынчы чакырылыш жыйырма бешинчи сессиясы
2018-жылдын 4-октябры № 137
АРИС тарабынан берилген техникаларды Жайыт комитетине өткөрүп берүү жөнүндө
АРИС тарабынан жайыт комитетине берилген ХОВА оор жүк ташуучу унаа жана 1,8 м3 көлөмдөгү жүк жүктөөчү тракторду Жайыт комитетинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС тарабынан берилген ХОВА оор жүк ташуучу унаа жана 1,8 м3 көлөмдөгү жүк жүктөөчү трактор Жайыт комитетине оперативдик башкарууга өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт комитетинин төрагасы Э.Темирбаевге АРИС тарабынан жайыт комитетине берилген ХОВА оор жүк ташуучу унаа жана 1,8 м3 көлөмдөгү жүк жүктөөчү тракторду өз багытында максаттуу пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөөнүү өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Назарбаев |