Редакцияот 02.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 02-августу №5/2

1.Ак-Моюн айыл аймагындагы мекемелерге келген жаңы инвентарларга убагында, мөөнөтүнөн кечиктирбей инвентаризация жүргүзүү жөнүндө 2.Ак-Моюн айыл аймагындагы бардык мекемелерде тигилген бак дарактарга убагында сугаруу, отоо жумуштары жүргүзүү жөнүндө

Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы тарабынан Ак-Моюн айыл аймагындагы мекемелерге келген жаңы инвентарларга убагында, мөөнөтүнөн кечиктирбей инвентаризация жүргүзүлсүн.

2. Ак-Моюн айыл аймагындагы бардык мекемелери тарабынан көзөмөлдүк жүргүзүлүп, тигилген бак дарактарга убагында сугаруу, отоо жумуштары аткарууга алынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.

 

Төрага

К.Асаналиев