Редакцияот 28.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 28-августу №6/2

Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитети аркылуу түзүлгөн келишимдер жөнүндө

Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Осмонбековго жайыт комитетине тиешелүү түзүлгөн келишимдер боюнча 2018-жылдын аягына чейинки мөөнөттө ижара акыларынын төгүлүшүн аткарууга алуу жагы тапшырылсын.

-Жайыт жерлерди пайдаланган фирмалар жана жеке ишкерлер менен жылда келишимдерин жаңыртып туруу жагы аткарууга алынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Кайыповго тапшырылсын.

 

Төрага

К. Асаналиев