Редакцияот 13.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 13-ноябры №8/1

Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Кайыповдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөнованын аткарып жаткан жумуштары жөнүндө

Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Кайыповдун бүгүнкү күнгө чейинки аткарып келген жумуштары канааттандыраарлык деп баалансын.

2. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөнова 2018-жылдын аягына чейин Ак-Моюн айыл аймагындагы бардык мекемелерге инвентаризациялоо жумуштарын жүргүзүп, кийинки сессияларда маалымат берсин.

3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

К. Асаналиев