Редакцияот 05.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы

2019-жылдын 05-июлу №5

Штат бирдигине өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук комиссиясынын төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Айыл өкмөттө түзүлгөн штат бирдигиндеги жетектөөчү адис-юрист кызматын, мал чарбачылыгы боюнча –жетектөөчү адис деп өзгөртүлсүн.

2.  Тиешелүү кагаздарын тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.Азимбаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Малабеков Т.