Редакцияот 13.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылган XV кезектеги сессиясы

2019-жылдын 13-марты № 15-5

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кош-Коргон айылынын тургундарынын жамаатык арызы боюнча

Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин жер, агрардык маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына Кош-Коргон айылынын жашоочуларынан арыз келип түшүп кароого алынып, каралып алардын талкуусунан өткөндүгүн эске алып Баш-Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кош-Коргон айылынын жашоочуларынын арызында көрсөтүлгөн Кош-Коргон айылынын №612-контурундагы жер тилкесин,№613 контурундагы жер тилкесин жана №573 контурундагы жер тилкесин калктуу конуштун жерлери категориясына которууга Өзгөн райондук комиссиясына сунуш берилсин.

2. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы жогоруда көрсөтүлгөн контурларга сунуш даярдап райондук комиссияга берүүгө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Эргешбаев