Редакцияот 13.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылган XIV кезектеги сессиясы

2019-жылдын 13-марты № 15-14

Жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетинин аткарылышы боюнча жана 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетинин аткарылышын жана 2019-жылга карата бюджетин бекитүү боюнча жайыт комитетинин башчысы А.Дарыбековдун маалыматтын угуп,талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жайыт комитетинин 2018-жылда аткарган иштеринин жана 2019-жылга карата милдеттери боюнча берген маалыматы канаатандырарлык деп табылсын.

2. Жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетинин аткарылышы 158 085 (бир жүз элүү сегиз миң сом сексен беш)сом деп белгиленсин.

3. Баш-Дөбө жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджети 126 700 (жүз жыйырма жети миң жети жүз ) сом деп бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер жана мыйзамдуулук боюнча  туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Эргешбаев