Редакцияот 24.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылыштагы кезексиз ХХVII- сессиясы

2019-жылдын 24-июну № 27/2

Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 21.05.2019-жылдагы жана 17.06.2019-жылдагы протоколунун негизинде «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды угуп талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХVII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына карата ооган согушунун катышуучусу Дооронов Абдулла Кеңешбиевичке «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарылсын.

2. «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата жана Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон зор салымы үчүн дегеле мэрдик ишмердүлүгүнө пайда болгон ар кандай маселелерди чечүүдө активдүүлүгүн, жекече мамиле кылуусун жана чечкиндүүлүгүн өзгөчө белгилеп Көк-Жаңгак шаарынын мэри Исмаилов Уларбек Тавалдиевичке «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарылсын.

3. Дарыгер кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата Көк-Жаңгак шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директорунун орун басары Сулейманова Раиса Уринбаевнага «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарылсын.

4. «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын алган инсандарга, күбөлүк жана башка керектүү жасалгаларды даярдап берүү жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешине тапшырылсын.

5. Токтомдун аткаруулусун уюштуруу жана камсыздоо жагын өзүмө калтырам.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А.Мамайкулов