Редакцияот 29.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

2019-жылдын 29-майы № 4

Жер бөлүп берүү жөнүндө

Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы, Таран-Базар айылынын тургуну Ч.Байсакованын арызы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн айылдык кеңештин депутатары угуп, талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

Кара-Чолок айылындагы АРИС долбоору тарабынан курулган тейлөө борборунун алдынан 0,10 га жер аянтын турак жай куруу үчүн Таран-Базар айылынын тургуну Ч.Байсаковага бөлүнүп берүү жагы Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировго милдеттендирилсин.

Жер аянтын өлчөп, иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Боронбаевге жүктөлсүн.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

Ч.Тайгараев