Редакцияот 26.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(VI шайланган) жыйналышы

2018-жылдын 26-сентябры № 10/5

Кара-Кулжа айылындагы Токтогул, А.Юсупов, Жанылык, Т.Самидинова атындагы көчөлөрүнө тунку жарыктандырууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 33-беренесинин 2 “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кенешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Кара-Кулжа айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кулжа айылындагы Токтогул, А.Юсупов жана Ш.Кадыров атындагы кочолоруно 40-даана тунку жарыктандыруу прожекторлорун орнотууга 200.000 сом акча каражаты айыл окмоттун 2018-жылгы карата тузулгон бюджетиндеги он мандаттуу Совет шайлоо округуна бөлүнгөн акча каражатынан бөлүнүп берилсин.

2. Кара-Кулжа айылындагы Жанылык 5-даана , Т.Самидинова 7-даана, Келечек 7-даана, О.Жороев 5-даана, К.Момбеков 4-даана баардыгы биригип 28-даана тунку жарыктандыруу прожекторлорун орнотууга 150.000 сом акча каражаты айыл окмоттун 2018-жылгы карата түзүлгөн бюджетиндеги жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округуна болунгон акча каражатынан бөлүнүп берилсин.

3. Кара-Кулжа айылдык Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын торайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Саипов