Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 чакырылышынын кезектеги 20 заседаниеси
2018-жылдын 18-декабры № 21/1
Будалык айылдык өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга аткарылышы жана 2018-жылга маалыматы, 2019-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше чыгаша бөлүктөрүн бекитүү 2020-2021-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Будалык айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы киреше бөлүгү 23927,8 миң сомго; анын ичинен өздүк киреше 13802,7, теңдөөчү грант -5634,2 мин сом, атайын каражаттар -224,4 миң сомго, республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар -962,4 жана өткөн жылдан калган калдык 3303,8мин сом, чыгаша бөлүгү 8424,7 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 11475 мин сомго, чыгаша бөлүгү 11479,4 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. 2019-жылга айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө теңдөөчү трасферттен 8765,5миң сом жана өздүк киреше 3641,4 мин сом,анын ичинен атайын каражаттан 320,0 мин сом, жалпысынан 12406,9 мин сом, чыгаша бөлүктөрүнө 12406.9 миң сом бекитилсин.
3. Будалык айыл өкмөтүнүн бюджети 2020-жылга 12628,9 сом, 2021-жылга 12814,3 миң сом долбоорлонсун.
3. Ар түрдүү чыгымдардан 250,0 миң сом айыл өкмөтүнө даталуу күндөргө жана майрамдык ишчараларга жумшалсын.
4. Айылдык кенештин төрагасына 5455 сом эмгек акы төлөп берүү үчүн бекитилсин.
6. Будалык айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетке каралган акча каражаттары беренелер боюнча жумшалышын камсыз кылуу, отчет иштерин убагында жүргүзүп айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө тапшыруу жагы мектеп директорлоруна,бала бакча башчыларына чарбалык иштер боюнча орун басарларына милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | С. Рахматов |
Будалык айылдык Кенешинин 6 чакырылышынын
кезектеги 18 декабрдагы
2018-жылдагы № 21\1 токтомуна Тиркеме
Будалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2018-жылдын 12 айына жалпы
9395,8 миң сомго бекитилсе, анын ичинен өздүк киреше 3224,4 миң сомду, теңдөөчү грант
6171,4 миң сомду түзөт.
2018-жылдын 12 айында тактоолордун негизинде жергиликтүү бюджеттин планы 26690,7 миң сом, анын ичинде теңдөөчү грант 6171,4 миң сом, өздүк киреше 3221,1 миң сом (анын ичинде атайын каражат 320,0 миң сом), республикалык бюджеттен берилүүчү каражат 1795,1 миң сомду түздү.
Будалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинин планы 2018-жылдын 12-айында 2824,0 миң сомго бекитилген болсо, тактоолордун негизинде 2820,7 миң сомду түзүп 3,3 миң сомго азайтылган.
2018-жылдын 12 айынын бекитилген планына өзгөртүү киргизүү салыктын түрү боюнча төмөндөгү таблицада көрүнүп турат.
№ |
Кирешенин түрү | 12-ай 2018-жыл | |||||
План |
аткарылганы |
Аырма (-;+) | Аткарылган % | ||||
бекитилген | такталган | (гр 3-2) | (гр 4-3) | (гр4/3) | |||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 9 | 7 |
1 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 602,0 | 602,0 | 602,0 |
| 18,0 | 103,0 |
2 | Калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарбалык эмес жерлерди пайдалангандык үчүн | 1,0 | 1,0 | 1,7 |
| 0,7 | 170,0 |
3 | Жер казынасын пайдалануу укугун кармап туруу үчүн акы | 2000,0 | 1896,7 | 1893,7 | -3,3 |
| 100,0 |
4 | Чакан ишкердин субьектери үчүн бирдиктүү салык | 8,0 | 8,0 | 15,3 |
| 7,3 | 191,3 |
5 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 30,0 | 30,0 | 30,6 |
| 0,60 | 102,0 |
6 | Транспорт каражаттарын салык жеке жактар | 120,0 | 120,0 | 160,1 |
| 40,1 | 133,4 |
7 | Короо жанындагы жер салыгы | 28,0 | 28,0 | 33,2 |
| 5,2 | 118,6 |
8 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 35,0 | 35,0 | 66,8 |
| 31,8 | 190,9 |
9 | Калктуу конуштагы жердин ижара акысы |
|
| 211,0 | 211,0 | 211,0 |
|
10 | Жайыттарды пайдалануу үчүн акы |
| 100,0 | 130,7 | 30,7 | 30,7 | 130,7 |
| Жыйынтыгы: | 2824,0 | 2820,7 | 3166,1 | -3,3 | 345,4 | 112,2 |
2018-жылдын 12-айында айыл окуругуна республикалык бюджеттен каржылануучу теңдөөчү гранттын такталган планы 6171,4 миң сом белгиленсе, аткарылышы 6171,4 миң сомду түзүп 100,0 пайызга аткарылды.
Мындан тышкары 2018-жылдын 12-айынын ичинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен электр энергиясы үчүн калкка жеңилдиктерге 334,3 миң сом, статистер үчүн ыйгарымдуу каражат (делегирование) 31,6,6 миң сом, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы 499-токтомунун негизинде муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы көбөйгөндүгүнө байланыштуу, эмгек акыга кошумча 1144,2 миң сом, жалпысынан 1795,1 миң сом республикалык бюджеттен кошумча бөлүнүп берилген.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча
2018-жылдын 12-айынын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы төмөндөгү таблицада көрүнүп турат.