Редакцияот 22.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылыштагы кезектеги XX сессиясы

2018-жылдын 22-декабры № 208

Зордук –зомбулукту алдын алуу , эрте турмушка чыгууну болтурбоо иш- чараларын алып барууга каражат бөлүү

“«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып,

Мырза-Аке айылдык кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Зордук –зомбулукту алдын алуу , эрте турмушка чыгууну болтурбоо иш-чараларын алып баруу үчүн 100 000 ( жүз миң) сом акча каражатын сураган айылдык Кеңештин депутаты Ж. Айтбаеванын арызы канааттандырылсын.

2. Иш-чараны кеңири масштабда түзүү , Мырза-Аке айыл аймагынын бардык айылдарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу , айылдык Кеңештин депутаты Ж. Айтбаевага жүктөлсүн.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Кимсанов