Редакцияот 24.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылышынын кезектеги жыйырма жетинчи сессиясы

2018-жылдын 24-ноябры №8/4

«2018-жылда Жоош айыл өкмөтүнүн “Региондорду өнүктүрүү жылына” карата аткарылган иштери жөнүндө »

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Кенешовдун билдирүүсүн талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VI-чакырылыш кезектеги VIII -сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында “Региондорду өнүктүрүү жылына” карата аткарылган иштердин абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында “Региондорду өнүктүрүү жылында” пландаштырылган иштердин аткарылбай калган бөлүгү 2019-жылдын иш планына киргизүү жагы сунушталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияларга тапшырылсын.

 

Төрага

П.Жакыпов