Редакцияот 16.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 16- июлу № 15

 «АСМ Лтд» жоопкерчилиги чектелген коомунун арызын негизинде жер аянтын трансформациялоо жөнүндө

«АСМ Лтд» жоопкерчилиги чектелген коомунун арызын карап чыгып,

 Көк-Мойнок айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап,

 Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк- Мойнок айыл аймагынын «Кара-Талаа» участкасындагы № 883, № 881, № 892 контурларды жайгашкан 1000 гектар жер аянтын «АСМ Лтд»  жоопкерчилиги чектелген коомуна Жел ЭСтерин куруу учун ушул 1000 гектар жер  аянтын , айыл-чарба багытындагы жерлерден өнөр-жай , транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Бул жер аянтын максаттык багытын котору жагы Тон райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кыдыралиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Джодаев А.Б.